Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 12:36
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

БУУнун өкүлү дүйнөдө массалык ачарчылык коркунучу бар экенин билдирди

20.07.2022 09:55
497
БУУнун өкүлү дүйнөдө массалык ачарчылык коркунучу бар экенин билдирди


БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын аткаруучу директору Дэвид Бисли дүйнөлүк коомчулук азыркы азык-түлүк кризисине көңүл бурбаса, массалык ачарчылыкка, саясий туруксуздукка жана көзөмөлсүз миграцияга дуушар болот дейт.


"Биз азыр болуп көрбөгөндөй кризистин алдында турабыз. Аны стратегиялык жана натыйжалуу чечпесек, биз массалык ачарчылыкка, ондогон өлкөлөрдүн туруксуздугуна жана массалык миграцияга туш болобуз", - деди Бисли


Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлү келерки жылы бул жагынан азыркыдан "бир топ жаман" болушу мүмкүн экенин эскертти. Ал ошондой эле жакынкы 6-12 айда азык-түлүктүн кымбатташынан улам дүйнөлүк коомчулук кыйынчылыктарга туш болорун моюнга алды. Андан кийин маселе чечилбесе, дүйнөнү азык-түлүк тартыштыгы басып кетиши мүмкүн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн