Бугу 10, 2024
Убакыт: 15:50
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Баалар арзан болот. Ошто социалдык дүкөндөрдү ачуу пландалууда

18.03.2022 09:13
1440
Баалар арзан болот. Ошто социалдык дүкөндөрдү ачуу пландалууда


Ошто социалдык дүкөндөрдү ачуу пландалууда. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов базар жана маркеттердеги негизги азык-түлүктүн баасы менен таанышуу учурунда билдиргенин мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

"Ошко Мамрезервдин запасынан кумшекер жана күнкарама майы жөнөтүлөт. Кумшекердин килограммы 70 сом, майдын литри 130 сомдон сатылат. Бул багытта ири соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Башкы милдет – калкка негизги азык-түлүк товарларын белгиленген баа боюнча сатып алууга шарт түзүп берүү. Биринчи кезекте шаардагы аз камсыз болгон жана социалдык жактан аялуу жарандар алат. Ош шаарында социалдык сегиз дүкөн ачуу пландалууда. Ал экиге бөлүнүп, бири эт сатса, экинчиси эң керектүү делген сүт, күнкарама майы, кумшекер сатат. Дүкөндүн негизги өзгөчөлүгү эттин баасы базар баасынан 10-15 пайыз төмөн болушу керек. Ал үчүн фермерлер менен түз келишим түзүлөт. Ушундай эле келишимдер башка айыл чарба өндүрүшчүлөрү менен да түзүлмөкчү", — деген мэр.

Мамбетов айрым ишкерлер тарабынан жасалма түрдө пайда болгон ызы-чууларды алдын алуу максатында өсүмдүк майы менен кумшекерди сатып алууга чектөөлөр киргизилип жатканын кошумчалаган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн