Бишкек жана Ош шаарларында 29-августта айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жарманке жарандардын дүң баада азык-түлүк сатып алуусуна шарт түзүү максатында өткөрүлмөкчү.
Жарманке төмөнкү даректерде өткөрүлөт: - Бишкек шаары, Киев, И.Раззаков жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилиштеринде.
Ош шаары (Айыл чарба техникумунун - А.Сүйүнбаев атындагы спорт аянтчасына чейин).
Жарандарды колдоо максатында айыл чарба продукциясы дүң баада сатылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн