Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 01:47
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Бабыржан Төлбаев Садыр Жапаровду жеңиши менен куттуктап, кеңеш айтты

11.01.2021 14:59
712
Бабыржан Төлбаев Садыр Жапаровду  жеңиши менен куттуктап, кеңеш айтты


Президенттикке талапкерлердин бири Бабыржан Төлбаев шайлоонун алдына ала жыйынтыгы боюнча Садыр Жапаровду жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу кайрылуу жасаган.


"Мен башынан эле эл Садыр Жапаровду колдой турганын билгемин. Бирок дымагым күчтүү болчу. Биринчи үчилтикке киреримди да билгем. Мен командама, мени колдогон элге жана атаандаштарыма ыраазычылык билдирем. Садыр Жапаровду жеңиши менен куттуктайм.

Сизге бир кеңеш айтууну туура көрдүм. Жаныңызга өзүңүздөн билимдүү, тажрыйбалуу жана акылдуу адамдарды алыңыз. Алар сизди мыкты кыла тургандай болсун!", - деди Төлбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн