Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлык менен, мамлекет башчысынын 2021-жылдын 12-октябрындагы № 422 «Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин кызматтан кетүүсү жөнүндө» Жарлыгынын 3-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин жаңы курамы түзүлгөндүгүнө байланыштуу токтом кылынат:
Төмөнкүлөр мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулсун:
— Бакашова Жылдыз Кемеловна — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары;
— Догоев Дастан Давлетович — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри;
— Чынбаева Асель Рыспековна — Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
— Иманалиев Кайрат Олжобаевич — Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн