Он эки министр, бетиңер тултуюп отура бербей, президент Садыр Жапаровдун колуна кол, бутуна бут болгула. Мындай пикирин Садыр Жапаровдун колдоочусу Бакай Кашкарбаев Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.
"Урматтуу, чоңдор! Биз эл деп эле элге кайрылып келиппиз. Көрсө, элге эмес, чоңдорго кайрылыш керек турбайбы. Байкуш чор таман эл баары даяр. Бирок чоңдор эч ордунан кыймылдагысы келбейт. Беттери тултуюп отурат. Андан көрө президентке жардам берип, колуна кол, бутуна бут болбойбу?",- деди Кашкарбаев.
Пикирлер (2)