Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 22:24
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Бакай Кашкарбаев Садыр Жапаровдун жүргүзгөн саясатын сындады (видео)

04.05.2021 12:05
1902
Бакай Кашкарбаев Садыр Жапаровдун жүргүзгөн саясатын сындады (видео)

Жакында Айыл чарба министринин кеңешчиси болуп дайындалган Бакай Кашкарбаев президен Садыр  Жапаровдун саясатын сындап чыкты. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди. 


Анын айтымында, Баткенде болгон окуянын алдын алууга болот эле. 


"Садыр Жапаров, УКМК, Башкы прокуратура жана Жогорку Соттогу кадрларды алмаштырыңыз. Колунан эч нерсе келбей жатат. 
Мына 30 жыл мамлекетти тоноп жеген "Катанини" Баткенге губернатор кылып жибердиңиз эмне болду. Ушул кадрбы, ушул реформабы? 

Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, Баткендеги УКМК менен ИИМдин башчысынын башын жулуш керек. Сиз тилин жулам дегенсиз, тилин эмес башын жулуш керек. Өзүңүз кызматыңызды так аткара албасаңыз, кетиңиз сиз дагы. 

Баткен окуясы коррупциянын, контрабанданын, кайдыгерликтин натыйжасы ушул болду",- деп  кайрылуу жасаган. 



Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мир
Сага окшогондор бийликке кимди апкелгенин тушунгонуно кеч болгону тушунуктуу