Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 11:00
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Бакай Кашкарбаев Турсунбек Акунду "куу чач", Феликс Куловду "жемкор" деди (Видео)

14.01.2021 14:11
611
Бакай Кашкарбаев Турсунбек Акунду "куу чач", Феликс Куловду "жемкор" деди (Видео)


Садыр Жапаровдун активдүү колдоочуларынын бири, "Элдик көзөмөлдүн" жетекчиси Бакай Кашкарбаев Садыр Жапаровго айлансына көңүл бурууга чакырды. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.


 "Урматтуу Садыр Нуркожоевич, айланаңыздагы адамдарга жакшылап көңүл буруңуз. "Куу чачтарды" жолотпоңуз. Ошолор мамлекетти кыйраткан, ошолор президенттерге элдин үнүн жеткирбей көтөрүлүш кылган, ошолор чындыкты бурмалап президенттерди желмогуз кылган. Турсунбек Акунга эмне жок дейм. Жогол сен, жолобо Садыр Нургожоевичке. Сен "куу чачсың". Феликс Шаршенбаевич сен эмне деп жатасың? Сага эмне жок? Күзүндө шайлоо болот башка болот деп. Шайлоо болсо бир колуң менен оозуңду, бир колуң менен башка жериңди жаап отур. Акаев менен  сен  Кыргызстанды кыйратып, жеп койгонсуңар", - деди Кашкарбаев.


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Шайлоо бутту Бакай,дагеле иттей уросун,токтопойсунбу еми.Ар ким оз оюн билдире алат да .Тирилик барбы сенде?