Бугу 05, 2024
Убакыт: 02:23
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү

07.07.2023 15:37
1889
Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү


СССРдин эл артисти, советтик, кыргыз театр жана кино актрисасы Бакен Кыдыкееванын туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Буйрукта белгиленгендей, №375 уюштуруу комитети юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыгып, бекитиши керек.

Иш-чараларды ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланат.

СССРдин эл артисти, советтик, кыргыз театр жана кино актрисасы Бакен Кыдыкееванын туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы:

Кызматы боюнча:
- Министрлер кабинетинин төрагасынын социалдык блокту тейлеген орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасы;
- Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
- Билим берүү жана илим министри;
- Тышкы иштер министри;
- Финансы министри;
- Президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы;
- Бишкек шаарынын мэри;
- Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү (макулдашуу боюнча);
- Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары;
- Улуттук илимдер академиясынын президенти;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору;
- Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору;
- Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Аламүдүн районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким (макулдашуу боюнча);
- Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин директору;
- "Кыргызстан театр ишмерлер союзу" коомдук бирикмесинин төрагасы;
- Кыргызстан Кинематографисттер союзунун коомдук бирикмесинин төрагасы;
- Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын директору;
- Б. Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын директору;
- Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору;
- "Кыргыз Туусу"гезитинин башкы редактору;
- "Эркин-Тоо"гезитинин башкы редактору.
Жекече:
- Ажыбекова Гулсайра Ажыбековна-Кыргыз Республикасынын эл артисти (макулдашуу боюнча);
- Бекболиев Эгемберди Жайлообекович-Кыргыз Республикасынын эл артисти (макулдашуу боюнча).

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн