- Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдердин үй-бүлөсү кеминде 1,6 миллион долларды Беларустун президенти Александр Лукашенкого баш калкалоо үчүн пара катары өткөрүп беришкен. Бул тууралуу коопсуздук күчтөрүнүн мурдагы кызматкерлери тарабынан Беларусь бийлигине каршы туруу үчүн түзүлгөн BYPOL'дун иликтөөсүндө айтылат.
Коопсуздук кызматкерлери Бакиевдердин аркасы менен Лукашенконун автопаркында атактуу Mercedes-Maybach S600 Pullman Guard пайда болгонун, анын баасы 1,4 миллион евродон кем эмес экенин иликтеп чыккан.
Эскерте кетсек, 7-апрелдеги революциядан кийин Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен баш калкалоо үчүн Беларуска кеткен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн