Бугу 18, 2024
Убакыт: 13:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бакыт Бакетаев Ысык-Көлдө кумаркана ачуу демилгесин колдойт

27.04.2021 13:35
1092
Бакыт Бакетаев Ысык-Көлдө кумаркана ачуу демилгесин колдойт

Саясат таануучу, көз карандысыз эксперт Бакыт Бакетаев Ысык-Көлдө кумаркананын ачылышына шарт түзгөн мыйзам долбоорун кабыл алууну колдойт. Ал мындай пикирин “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине билдирди.


Анын айтымында, Кыргызстанда газ, нефть жок, базар экономикасында жашап жатканда, элдин социалдык маселелерин чечиш үчүн кандай гана мүмкүнчүлүк болбосун пайдаланыш керек. Ал мыйзамда кумарканалар чет мамлекеттен келген жарандар үчүн курула турганы, ал эми кыргызстандыктардын кирүүсүнө тыюу салынганы жазылган.


“Чет жактан келген эс алуучулар кирип ойной берсин, акчасын Кыргызстанга сала беришсин. Биздин паспорт менен келгендерди киргизбей коюш оңой эле да. Базар экономикасынын мыйзамдарына баш ийбесек кыйналып калабыз. Андыктан терең ойлонуп, жакшылап карап көрүш керек. Кыргыз жарандарынын кирүүсүнө мүмкүндүк берилбейт деп президентибиз өзү кепилдик берип жатпайбы”, - деп айтты Бакетаев.


Ал белгилегендей, коңшу Казакстан, Өзбекстан же башка өлкөлөрдөгүдөй ири байлыктын булагы жок болгондуктан, башка потенциалдарды байкап көрүү зарыл. 


“Менин оюм боюнча, бул мыйзамды колдош керек. Айрыкча кымбатчылык шартында айлык акыларды көтөрүү маселеси турат. Мугалим, дарыгерлердин айлыгын жана башка социалдык төлөмдөрдү көтөрүү үчүн кошумча кирешелер керек. Мен саясат таануучу катары демоктратиялуу мамлекет болгондон кийин "либертарианствого" баш ийишибиз керек деп ойлойм. Демилгечилерге мүмкүндүк берели, биринчи ачып көрүшсүн. Балким натыйжалуу иштеп кетет, эгерде жакшы жыйынтыгын көрө албасак жаап коюш оңой эле”, - деп кошумчалады эксперт. 


Белгилей кетсек, Ысык-Көлдө кумаркананын ачылышына шарт түзгөн мыйзам долбоору биринчи окууда 68 депутаттын макулдугу менен кабыл алынды.  


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн