Бугу 05, 2024
Убакыт: 04:43
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бакыт Нурдинов: “Муфтийлик орун талашка түшүп, курултай үчүнчү жолу жылды”

04.06.2021 15:20
1697
Бакыт Нурдинов: “Муфтийлик орун талашка түшүп, курултай үчүнчү жолу жылды”


- Бакыт мырза, муфтиятта шайлоо процесси кандай болуп атат?


- Буга чейин Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгында кезектеги курултай үчүнчү жолу жылдырылды. Биринчиси 4-апрелде болмок, андан жылып 29-майга белгиленген. Мында да белгилүү жана белгисиз себептерден улам 26-июнга белгиленди. Бир жума мурун аалымдар кеңешинин он кишиден турган каттоо жана аттестациялоо комиссиясы тарады дагы, алардын ордуна жаңы комиссия мүчөлөрү шайланды. Борбордук азирети муфтийге, текшерүү комиссиясынын төрагалыгына жана аалымдар кеңешине талапкерлер кайрадан катталары боюнча чечим чыгып, ошол сынак кайра жарыяланганы турат. Эми ушунда өтөт го. Бирок, бу жерде саясый боёк болушу мүмкүн. Себеби, муфтийликтин орду талаш болууда. Мурунку чыккан алты талапкер жактырылбай калган, ошол себептерденби, эми үчүнчү жолу жылдырылды. 


- Биздин угушубузга караганда, “мурунку муфтий Максатбек ажыны кайра апкелебиз” деген кептердин канчалык негизде чындыгы бар? 


- Бул кептерди биз да угуп атабыз. Кантип, кайсы тарап апкелет? Биле албайбыз. Бирок, Максатбек ажыны баары бир бийлик тараптагылар жактырбаса керек. Анткени, көптөгөн финансылык жана башка себептери бар. Тергөөдө иши каралып атат. Алар бир бүтүмгө келиши керек. Анүстүнө Максатбек ажы ааламдар кеңешине тапшырган. Кийирбегенге аракет кылышты. Кайра да тапшырып көрөт болуш керек. Бирок, Максатбек ажыны азирети муфтийлик орунга апкелгенге бийлик тарап кызыкдар эмес.


- Муфтияттагы шайлоого каржы маселеси кайсы булактан алынат жана канча кетет?


- Муфтиятка бөлүнгөн каражаттан каралып келинген. Алар курултайга келген 200 делегаттын жолкиреси, мейманканасы, тамак-ашына, иш-чаранын өтүшүнө жана уюштуруусуна жумшалган. Менин билишимче, мурунку курултайларда 25-30 миң доллардын тегерегинде сарпталчу. Учурдагы муфтийдин милдетин аткаруучу мындай каражатты каяктан табары да суроо. Экинчиден, пандемияга байланыштуу курултайды онлайн өткөрүүнү көздөп чыгышты. Бирок, 26-июнга чейин да убакыт бар эмеспи...     


Булак: "Азия Ньюс" гезити 

Теги

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Жыкы
Бийликти гуленчилер сатып алышты Максат дамлага карапайым эл ыраазы бийликтегилер козунорду ачкыла сатылбагыла
Ахмедов Абдуашим Низамидинов
Максат Аажы кайтыш керек Муфтийликке, элдин талабы! Эң татыктуусу ошол Инсан...