Чын курандын 10, 2025
Убакыт: 02:22:19
USD
87.30
87.80
EUR
96.00
97.00
RUB
1.000
1.040

Бакыт Шаршеев "Манас" аэропортуна жетекчи болуп дайындалды

09.02.2021 17:55
1169
Бакыт Шаршеев "Манас" аэропортуна жетекчи болуп дайындалды

Бактыбек Сыдыков "Манас" аэропортунун жетекчилигинен кетип ордуна Бакыт Шаршеев дайындалды. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бакыт Шаршеев  "Манас" эл аралык аэропорту "ААКнын жаңы төрагасы катары бүгүн жамаатка  тааныштырылган.


«Бүгүн "Манас" эл аралык аэропорту" ААКтын директорлор кеңешинин жыйыны болуп, анын жыйынтыгында директорлор кеңешинин төрагасы Бактыбек Сыдыковдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана Бакыт Шаршеевди директорлор кеңешинин төрагасы - башкы директорлугуна шайлоо жөнүндө чечим кабыл алынды. Ошондой эле кеңештин мүчөсү Абдималик Бусурманкуловдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, анын ордуна Жолдошбек Токторбаевди шайлоо чечими кабыл алынды», - деп билдирди басма сөз кызматы.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Хан
Ким болсо да, билеттин баасын ордуна келтирип анан жумушун баштаса жакшы болмок.