Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 14:39
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бакыт Төрөбаев өлкөдө азык-түлүктүн кору жетиштүү экенин билдирди (видео)

27.12.2022 12:17
434
Бакыт Төрөбаев өлкөдө азык-түлүктүн кору жетиштүү экенин билдирди (видео)

Кыргызстанда азык-түлүктөрдүн кору жетиштүү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.


Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда буудайдын, ундун, өсүмдүк майынын жана кумшекердин кору жетиштүү.


“Азык-түлүк коопсуздугу дагы мамлекеттик коопсуздуктун негизине кирет. Муну эске алуу менен азык-түлүккө болгон кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотуу маселеси каралууда”, – деди Бакыт Төрөбаев.


Ошондой эле, эгерде ун чыгаруучу комбинаттарында буудайдын кору түгөнө турган болсо, Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларында буудайдын кору жетиштүү экенин кошумчалады.


Ал эми, өсүмдүк майы боюнча дагы маселе жаралбайт, матрезервде майдын кору жетиштүү. Бул боюнча май чыгаруучу заводдор менен дагы сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн жана аларда күн караманын кору жетиштүү.


Мындан тышкары, кумшекер боюнча орчундуу маселе жаралбайт. Быйылкы жылга карата "Кошой" жана “Кайыңды кант” заводдору менен биргеликте 62 миң тонна кумшекер өндүрүлдү.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн