Баш оона 22, 2025
Убакыт: 05:19
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

Бакыт Төрөбаев Ысык-Көлдү коргоо боюнча аракеттерди бириктирүүгө чакырды

29.11.2024 10:30
303
Бакыт Төрөбаев Ысык-Көлдү коргоо боюнча аракеттерди бириктирүүгө чакырды


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев бардык кызыкдар тараптарды Ысык-Көлдү коргоо жана анын туруктуу келечегин камсыздоо боюнча аракеттерди бириктирүүгө чакырды. Бул тууралуу ал Ысык-Көлдү сактоо, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча Ысык-Көлдө өтүп жаткан улуттук суу форумунда айтты.

"Климаттын өзгөрүшү, суу ресурстарынын тартыштыгынын өсүшү, Ысык-Көлдүн уникалдуу экосистемасынын сакталышы – мунун баары бизден кечиктирилгис жана координацияланган чечимдерди кабыл алууну талап кылат", - деди Төрөбаев.

Ошондой эле Төрөбаев биргелешкен аракеттер менен гана Ысык-Көлдүн экосистемасын сактап, келечек муундар үчүн аймакты таза суу менен камсыз кылууга болорун белгиледи.

Белгиленгендей, акыркы жылдардагы климаттын өзгөрүшү, суунун булганышы, жаратылыш ресурстарын ашыкча пайдалануу жана экосистеманын начарлашы, Ысык-Көлдү ар кандай көптөгөн коркунучтардан сактоо үчүн алдын-ала тиешелүү чараларды көрүүгө мажбур кылууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн