Парламенттеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев мурдагы муфтий Максат ажы Токтомушевдин камакка алынышы боюнча пикирин билдирди. Төрөбаев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу жолдогон кайрылуусунда коррупция менен күрөшүүнү колдой турганын, бирок муфтийди камакка албай туруп деле суракка алса болорун эскерткен.
“Мурдагы муфтий Максат Ажы Токтомушевдин камалышы коомчулук менен бирге мени дагы абдан тынчсыздандырууда. Албетте, коррупция менен каршы күрөшүү саясатын колдойм. Мыйзам баарына бирдей болуш керек. Бирок, тергөө иш-чараларын камакка албай туруп деле жүргүзсө туура болмок”, - дейт ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн