Бугу 06, 2024
Убакыт: 13:14
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Бакыт Төрөбаев өз шайлоочуларына кайрылды

12.04.2021 14:36
860
Бакыт Төрөбаев өз шайлоочуларына кайрылды


“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу болуп өткөн жергиликтүү шайлоо боюнча өз пикирин билдирди. Ал партиянын тарапташтарына жана колдогон шайлоочуларга терең ыраазычылык билдирип, партия өз программасын толугу менен аткарууга аракет кылаарын баса белгиледи.


"Биз үчүн - бул шайлоо жакшы сыноо болду. Жергиликтүү кеңештерде шайлоого катышып, бизде административдик ресурс болбосо да, ири өлчөмдө акча каражатын сарптабасак дагы ийгиликке жетишип, элдин ишенимине ээ боло алдык. Бул партиянын фундаменталдык электораты бар экендигин далилдейт жана ар дайым биз менен бирге болуп келет", - деди партия лидери.

Маалыматка ылайык, “Өнүгүү-Прогресс” партиясы шайлоодо 17 шаардык кеңешке катышып, 14 шаардан өткөн. "Бул туруктуу шайлоочуларыбыздын бизге болгон чоң колдоосу, ишеними деп билебиз", - деп белгиледи Төрөбаев.

"Ар бир добуштун жоопкерчилигин туура түшүнүп, биздин депутаттар программаларыбызды ишке ашырууга, мамлекет үчүн адал кызмат кылууга аракет кылат.
Баардык бизди колдогон элибизге терең ыраазычылык билдиребиз", - дейт ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн