Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 11:51
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

"Бакыт Төрөбаев каза болуп калыптыр" деген фейк маалыматка ишенбегиле, - Ибрагим Нуракун уулу

21.07.2020 14:37
1874
"Бакыт Төрөбаев каза болуп калыптыр" деген фейк маалыматка ишенбегиле, - Ибрагим Нуракун уулу


Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев оорудан сакайып чыкты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынын башчысы Ибрагим Нуракун уулу социалдык тармактагы баракчасына жазды. 


Анын айтымында, учурда депутат Жалал-Абад шаарында 50 орундук стационар ачууга аракет кылууда. 


"Жаңы эле "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев менен сүйлөштүм. "Каза болуп калыптыр" деген фейк маалыматтарга ишенбеңиздер, ден соолугу жакшы, сакайып чыгыптыр.


Бул күндөрү Жалал-Абад шаарында 50 орундук стационар ачууга аракет кылып жүрүптүр. Бир гана маселе эмгек акысын жогору кылып төлөп берели десек да дарыгерлер табылбай жатат дейт. Депутат жакында эле Ош шаарындагы мейманканасын медицина кызматкерлери үчүн обсервацияга берген. Андан мурдараак Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына 1 миллион сом которгон.


Бакыт Эгешович "Эл өкүлдөрү элдин арасында болушу керек" деген постумду окуптур. "Элдин арасында жүрөбүз. Мындан кийин дагы ушул оору менен күрөшүүгө колдон келген жардамыбызды беребиз" - деди",  - деп жазган  Ибрагим Нуракун уулу.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн