Кызыл-Кыяда жаңгак бакка чыгып кайра түшө албай калган жаранга куткаруучулар жардам берди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
ӨКМге 13 сентябрь күнү Кызыл-Кыя шаары, Миң-Булак көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн короосундагы бакка (жаңгак) 1999-ж.т. Р уулу Ф. аттуу эркек киши чыгып түшө албай калгандыгы туралуу маалымат 102 кызматынан түшкөн.
Жерине №62 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылып, жогоруда аталган жаранды бактан жерге түшүрүп беришти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн