Бугу 19, 2024
Убакыт: 15:48
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бактыбек Аманбаев облус жана шаар башчыларына региондорду өнүктүрүүгө чакырды

14.12.2020 16:32
627
Бактыбек Аманбаев облус жана шаар башчыларына региондорду өнүктүрүүгө чакырды

Өкмөт аппаратынын жетекчиси Бактыбек Аманбаев облус жана шаар башчыларына региондорду өнүктүрүү боюнча план иштеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кабарлады.


Аманбаев өкмөттүн облустардагы башчылар менен болгон жолугушууда облус жана шаар башчыларына эки жуманын ичинде өз региондорун өнүктүрүү планын иштеп чыгууну тапшырды.

«Бизге силердин сунуштарынан керек, анткени силер көйгөйлөрдүн баарынан жеринен билесиңер», - деди ал.

Ошондой эле Бактыбек Аманбаев азыр ири инвестицияларды талап кылбаган тармактарды өнүктүрсө боло тургандыгын кошумчалады. Алар: айыр чарба, туризм жана жеңил өнөр жайы.


Өкмөт аппаратынын жетекчиси кошумчалагандай, кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү керек. Аманбаев өлкөдө төө буурчак, картөшкө, өрүк жана этти кайра иштетип, экспорттосо болот деди.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Кеткен бийлик суйлогон еле тааныш жыйынтыгы жок создор.Таза суусун кордук