Бугу 13, 2024
Убакыт: 00:21
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Бактыбек Калмаматов: 5-октябрдан кийинки кабыл алынган мыйзамдардын баары мыйзамсыз

28.12.2020 11:51
686
Бактыбек Калмаматов: 5-октябрдан кийинки кабыл алынган мыйзамдардын баары мыйзамсыз

Президент болуп калсам, 5-октябрдан бүгүнкү күнгө чейин кабыл алынган мыйзамдарды жокко чыгаруудан ишимди баштайм. Мындай пикирин президенттикке талапкер Бактыбек Калмаматов Шайырбек Абдрахмановдун суроолоруна жооп берип жатып билдирген.


"Мен президент болуп калсам, 5-октябрдан бүгүнкү күнгө чейин кабыл алынган бардык мыйзамдарды жокко чыгаруудан ишимди баштайм. Бири да мыйзамсыз. Бүгүн Конституциябызга өзгөртүү киргизип жаткан, жашообузду өзгөртүп жаткан Парламентте моралдык да укугу жок. Бирок ошолор менен жашап келатабыз.  Тилекке каршы, жаңы келген бийлик алар менен кайра эле жашап кетүү туура дегенди карманып алды. Бул туура эмес. Биз бардыгын жокко чыгаруудан баштайбыз",- деди Калмаматов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн