Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 20:27
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Бактыбек Калмаматов УКМК тарабынан суракка чакырылганы белгилүү болду

22.12.2021 09:12
363
Бактыбек Калмаматов УКМК тарабынан суракка чакырылганы белгилүү болду

"Азаттык" партиясынын мүчөсү Бактыбек Калмаматов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка чакырылганын билдирди. Бул тууралуу анын видеокайрылуусу социалдык түйүндөргө тарады. 

 

Калмаматовдун белгилешинче, 22-декабрга караган түнү Сауд Арабиясына эки жумалык умра зыяратына баратканда чек арачылар ага өлкөдөн чыкканга болбой турганын, ушундай буйрук бар экенин айтышкан. Кийин ага атайын кызматтын эки өкүлү келип, "күбө катары суракка чакырылганы" тууралуу кагаз беришкен. 

 

Муну өзүнүн конституциялык укугун бузуу деп баалаган Калмаматовдун кайсы иш боюнча суракка чакырылганы расмий айтыла элек. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн