Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов УКМКнын тергөө абагына эки айга камалды. Мындай чечим Биринчи Май райондук соту тарабынан бүгүн, 24-декабрда кабыл алынды.
Маалыматка ылайык, Калмаматов 9-февралга чейин абакта калтырылды.
Ал регион аралык кастыкты козуткан деген шек менен эки күн мурда умра сапарына бара жаткан учурда "Манас" аэропортунан кармалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн