"Азаттык" саясий партиясынын мүчөсү Бактыбек Калмаматов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде 10 сааттан ашык убактан бери сурак берүүдө. Бул тууралуу 24.кг агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, түнкү 12 жарымда Калмаматов аэропортто умрага жөнөп жаткан жеринен кармалган. Ал түнкү саат экиде УКМКга сурак берүү үчүн киргизилген.
Ошондон бери сурак берүүдө. Калмаматов кандай иш боюнча сурак берип жатканы азырынча белгисиз.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн