Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды. Бул тууралуу "Кактус.медиа" редакциясы Калмаматовдун өкүлү Айым Камчыбековага таянып билдирди.
Камчыбекованын айтымында, Калмаматов кандай иш боюнча кармалганы белгисиз.
"УКМК Бактыбек Калмаматовго карата айып тагып убактылуу кармоочу жайга киргизди. УКМК Калмаматовдун видеосунда регион аралык кастыкты козутуу фактысы болгонун билдирди. Мен кандай видео экенин билбейм",- деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн