Мен Бишкек шаарынын мэрлигине өзүмдүн талапкерлигимди көрсөтөм. Мындай пикирин Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов 27-июлда маалымат жыйынында билдирди.
«Мен Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган бардык мыйзамдарга канааттандым. Депутаттар кандай чечим кабыл алса, ошондой болот. Мен аким, губернатор болуп иштедим, эгер депутаттар мени көрсөтпөсө, анда мен таарынбайм. Бул алардын укугу. Бирок мен өзүмдүн программамды ишке ашыруу үчүн мэрлик кызматка талапкерлерлигимди көрсөтөм», - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн