Аяк оона 23, 2024
Убакыт: 01:29
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бактыбек Турусбеков: Казино ачып, туристтердин акчасын алып калышыбыз керек

02.02.2021 09:26
752
Бактыбек Турусбеков: Казино ачып, туристтердин акчасын алып калышыбыз керек


Парламент депутаттары Бактыбек Турусбеков менен Дастанбек Жумабеков Ысык-Көл облусунун аймагына кумар оюндарына уруксат берүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштоодо. Алар сунуштаган мыйзам кабыл алынып калса “Тамчы” аэропортунун базасындагы 1200 гектар жерде бир нече мейманканасы менен казинонун курулуп, ага Кыргызстандын жарандары киргизилбейт. Турусбек “Азаттык” үналгысына берген маегинде туристтердин акчасын ушундай жол менен алып калуу керектигин билдирген.


Азыр экономикабыздын абалын көрүп турасыңар. Завод-фабрика курганга көп убакыт керек экен. Ушунун баарын эске алуу менен мыйзам жазып чыктык. Кумар оюндарынын ишине тыюу салуу мамлекеттик бюджетти бир жылда 600 миллион сом жоготууга кириптер кылып, ошондой эле 11 миңден ашык жумуш орундарынын жабылышына алып келген. Биз билгендей туристтердин 90% Ысык-Көлгө келет. Эми алардын акчасын алып калышыбыз керек”, - дейт ал “Азаттыка” берген комментарийинде. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн