Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 10:05
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бала-Саруу кичи ГЭСинин курулушуна 22 млн доллар бөлүнөт

28.12.2021 08:57
530
Бала-Саруу кичи ГЭСинин курулушуна 22 млн доллар бөлүнөт

Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду "Чакан ГЭС" ачык акционердик коомуна 22 миллион 900 миң доллар каражат бөлөт. Министрлер кабинетинен маалымдашкандай, каражат Талас облусундагы Киров суу сактагычында Бала-Саруу кичи ГЭСинин курулушуна сарпталат. Тиешелүү чечимди министрлер кабинети кабыл алды.


"Бала-Саруу ГЭСин куруу долбоору жалпы кубаттуулугу 25 мегаватт болгон үч генератору бар ГЭСтин курулушун камтыйт. Анын ичинде жылына орточо 92 миллион кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгат.


Аталган кичи ГЭСтин иштөө режими сугат режимине жана Киров суу сактагычынан агып жаткан суунун агымына ылайык жөнгө салынат. Республикада көп жылдардан бери биринчи жолу мамлекеттин катышуусу менен чакан ГЭСтер курула баштады.

Чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүү ири гидроэнергетикалык объектилерди куруу менен катар республиканын экспорттук потенциалын жогорулатат жана кургак мезгилде электр энергиясынын негизги булагы – Токтогул ГЭСин сактап калат", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн