1997-жылдын кеч күзү эле... Шаарда автомашиналардын карааны кадимкидей сээлдеген, "өткөөл мезгил" аталган кризистин күч маалы. Күн чыкыроон тартып турган, анан да дем алыш болуш керек, көчө ээн. Асат досум экөөбүз Ош шаарынын Ленин көчөсүндө кобурашып баратканбыз. Анан эле самокат тепкен тестиер бала алдыбыздан зуу коюп өтүп кетти. "Ээх, биздин балалык ушундайларды да көрбөдү, а" деп калды көзүн өкүнүч баскан Асат аны узата карап. "Онткен менен, досум, биздин балалыкта көргөндү булар көрбөй калып атпайбы" дедим мен жооткотуп. "А онуң тууру" деп, Асаттын жүзү кайра жадырай түштү. (Асатилла Бурханов досум мага окшош тоолук - жерге-талдык, анан да чабандын баласы болчу. Азыр Чек ара кызматынын белдүү офицери).
Балалык демекчи... Бу курагын ким кайда (ойдо, тоодо, шаарда...?) өткөрбөсүн, кандай шартта жашабасын, баары бир - кийинкиге эч бир алмашкыс да, кайталангыс өзүнчө доор го!
А менде кызыктай бир сезим-туйгу бар. Жайлообуз Загырага барган сайын түз эле балалык доорго кайтып баргандай, балалык менен бетме-бет кездешкендей боло берем. Ал тургай өкүттүү учурлардан бери көздөн чууруп, ааламдан жаш өткөн атам Улукбекти эстеп, көзүмө жаш тегеренет... Бир жылда 12 ай болсо, анын 3 айы эле жайлоодо - Загырада жашасак, анан неге ага келген сайын мындай сезимге туш болом деп, өзүмчө ойлонуп, таң болом. Жайлоонун ( таза аба төрлөр менен тоолордун, арчалардын...) өзгөчө касиети бар го чамасы...
Бир апта мурда уулум Айкөл менен Загыраны кыдырып, бактылуу балалыкка бир сыйра саякат жасагандай болдум. Балалык издерин кубалап, бийик кырларда кыялай жөө жүрүп, ырасы менен бу күнүмдүк көроокат ташпишинен азда болсо оолактап, бийик да, таза да кыялдарга чумкудум... ( Айтса, дагы калааты сезимге кезигем: бактылуу балалыкты кайра артка кайтара албасымды ойлогондо ичим туйлап-туйлап, жанымды койорго жер таппай калмайым бар...)
Бүтүн ой-максатың, үмүт-тилегиң келечекке, болочокко гана багытталып, байланып, эртеңдерге талпынып күн санап, күн кечирүү... балалыктын бактылуулугу ушунда го сыягы...
Менин балдарым атасы көргөн үч айлык "көчмөндүктү" деле көрбөй калышты... Жайлоонун жаанында чылгый суу болуп, топоз, эчки саадырышкан жок. ( Турмуш-шарт бир орунда турбайт тура, менин агаларым кой дагы саадырышыптыр... Машине жол жок, жалаң ат, эшек же төө менен көчүп-конушуптур... Мен аны көргөнүм жок. Бир чоң төөбүз бар экендиги гана элес-булас эсимде.) Таңга маал туруп жылкы айдап келишпеди, кой кайтарышпады...
Анан да, биздин балалык кыял андагы Фрунзе, азыркы Бишкектен ашпай, ушул шаарда окусак, иштесек деп арзуу кылса, азыркылардын кыялы дүйнөнү чарк айланып кетет.
Ырас, бүгүнкү замандын шарт-ыңгайы башка, аалам бүгүн "алаканда". Балдарым эртең кайда окуп, иштеп, жашап калат, ким билет? Бирок, кайда гана болбосун, Ата-Мекен алардын жүрөгүндө болушу керек. А Ата-Мекен деген кыргызда атаң туулуп -өскөн айылдан, атаң ичкен суудан, атаң баскан кыядан башталат эмеспи... Жылда эки баламды ээрчитип, жайлоо кыдыргандагы бир максатым ушул: ата-журтун аз да болсо таанып-билсин, мөлтүр суусунан кана шимирип, канына жүгүртсүн, мындан чыкты, Мекенин сүйсүн дегеним...
А Загыра жайлоосу тууралуу... Талашсыз, мен аны дүйнөдөгү эң кооз, эң ыйык жайлоо деп эсептейм. "Башкасын билбейбиз, бу Жети-Суу-Турукта (Кожо-Келен, Кичик-Алай, Чөгөм, Кайыңды, Күндөлүк ж.б.) Загырадай көрктүү, ыңгайлуу жайлоо жок" дешет билгендер. А аты неден калган? Кыргызда арпа нанды "загыра" дейт, бирок, мунун жайлоого байланышы жоктур. ( Расул Гамзатовдон окудум эле, аварларда да "загьра" деген сөз бар экен. Бирок, ал нени түшүндүрөрүн эстей албай атам.) Анан кыргыз жетим баланы "сагыр" дейт. "О, илгери- бир сагыр бала болгон экен..." деп, жайлообуздун аталышын сагыр тууралуу уламышка байлап айткандар бар...
Абдувахаб Мониев, журналист
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн