Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 05:53
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Балалуу аялды маршруткага отургузбай койгон айдоочу жумуштан четтетилди

30.09.2021 15:15
492
Балалуу аялды маршруткага отургузбай койгон айдоочу жумуштан четтетилди

Бүгүн, 30-сентябрда Бишкек шаарында №203 маршруттук таксинин айдоочусу эне-баланы коляскасы менен кичи автобуска салбай, күч колдонуп чыгарып салган. Аталган айдоочу иштен алынды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.


"Бул видео чыгаар замат Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү ыкчам издөө иш-аракеттерин жүргүзүп, Арча-Бешик-Дордой каттамындагы №203 маршруттук таксинин айдоочусун аныкташкан.


Айдоочу 1984-жылы туулган М.Б. экендиги аныкталып, ал төмөндөгү түшүндүрмөнү берген:


"Бир жыл мурун да ушундай окуя болуп, анын кесепетинен кичи автобустун ичиндеги адамдар жабыркап, алардын чыгымын төлөгөм, ошол себептүү колясканы салонго салган эмесмин. Бул үчүн жалпы коомчулуктан кечирим сурайм", - деп билдирген.


Азыркы учурда бул айдоочу каттамдан четтетилип, жумуштан алынды. Андан аркы жоопкерчилигин кароо боюнча Ленин РИИБинин тергөө бөлүмүнө жеткирилди. Кошумчалай кетсек, №203 маршруттук каттамдын бригадасын текшерүүгө алып, техникалык бузуулары үчүн 2 протокол түзүлүп, 10 миң сом айып салынды"


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн