Бишкек шаардык автотранспорт башкармалыгынын агенттиги балалуу аялды салбай кеткен маршрутканын айдоочусу менен ал иштеген фирмага айып салынды. Бул туурасында Бишкек шаардык мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, "Совет бригады" маршруттук фирмасынын жетекчисине 13 миң сом, ал эми айдоочуга 11,5 миң сом айып пул салуу протоколу толтурулган. Ошондой эле тараптар чакыртылып окуянын чоо-жайы териштирилгени белгиленет.
Компаниянын жетекчилигине жүргүнчүлөргө кызмат көрсөтүү боюнча айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасын берген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн