Бишкек шаарынын мэринин мурдагы милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев мурдагы мэр Азиз Суракматовдун кармалышы тууралуу пикирин билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.
Анын айтымында, Балбак Түлөбаев качан камалат дегендер да жок эмес.
"Калайык!
Адам өз тагдырын өзү жасап, анан ошого ылайык жашайт экен!
Акыркы убактагы окуялар ички дүйнөмдө уйгу туйгу. Оор эле. Азиз Эмилбекович Суракматов боюнча көп суроолор берип атышат. Мага өтө оор. Чогуу иштедик, көп иштер жасалды шаарда. Соттордун, коопсуздук күчтөрдүн адилетүү териштирүүсүнө ишенем. Ишенгим келет. Коом өзгөрдү. Жакшы нерселер болуп атат. Табулар, адаттар жыгылууда. Өткөндө айттым өлкө үчүн, балдарыбыз үчүн адилетүү коом курулууда. Баарыбыз мыйзам алдында бирдейбиз, мыйзамсыз иш кылсак жооп тартабыз. "Эр жигиттин башы канжыгада".
"Беш манжа тең эмес". Мени качан камалат экен я дегендер да бар. Түшүнсөк болот. Мени "сүйүп" аткандар да жок эмес. Таза, түз иштегенге дайыма аракет кылдым. Ар бир кылган ишиме жооп беремин. Кудайга шүгүр жаман ишке барган жокмун. Эми убакыт көргөзөт. Актануу эмес жараткан алдында, достук алдында, абийр алдында парзым. Эч бир убакта башыңарды жерди каратпайм. Кудай баарыбызга сабырдуулук берсин",- деп билдирүү калтырган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн