Чын курандын 05, 2025
Убакыт: 17:24
USD
86.60
87.10
EUR
94.90
95.90
RUB
1.010
1.050

Балбак Түлөбаев: Бийлик менен оппозиция элдин ортосундагы ажырымды күчөтпөш керек

20.01.2022 08:59
1590
Балбак Түлөбаев: Бийлик менен оппозиция элдин ортосундагы ажырымды күчөтпөш керек

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев бийлик менен оппозицияны ынтымакка чакырды. Бул тууралуу ал " Азаттык" үналгысынын эфиринде билдирди.


Анын айтымында, бийлик дагы аша чаап кетпеш керек, оппозиция конструктивдүү сын айтыш керек.


"Азыр бизде ар кандай жаман сөздөр менен, адамдын беделине шек келтирген сөздөрдү айтып каралап жаткан адамдар кармалып "мен саясий куугунтукка алындым" деп жатышат. Бул туура эмес. Оппозиция болсо өзүнүн так, конкреттүү сынын айтып, сунушун берсин. Биз дагы андай оппозицияны Жогорку Кеңеште талкуулап туура болсо колдоп, туура эмесин кайтарып туралы.

Оппозиция менен бийлик дагы элдин ортосундагы ажырымды күчөтпөш керек. Тескерисинче элди ынтымакка, биримдикке чакырыш керек.

Биз дагы оппозиция менен бийликти ынтымакка чакырып турушубуз керек",- деди Түлөбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн