Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:35
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Балбак Түлөбаев: Кылмышка шектүү адамдын "Асманды" курушуна каршымын

13.01.2022 14:55
1478
Балбак Түлөбаев: Кылмышка шектүү адамдын "Асманды" курушуна каршымын


Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Ысык-Көл облусунда курула турган "Асман" шаарынын курулушуна каршы пикирин социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.


Анын айтымында, "Асман" шаарын баштоодон мурда элдин пикирин угуш керек.


"Асман" шаары боюнча, экологиялык экспертиза шарт.

Жергиликтүү элдин пикири өтө маанилүү, алардын уруксаты керек. Ысык-Көлдө  540 миңге жакын эл жашайт. "Асман" шаары 500 миң адам ылайыкталат дешет. Долбоорду көрө элекпиз. Биринчи эмне курулат, качан башталат, инфраструктура кандай болот, акча кайдан келет? Баштап коюп токтоп калбайбы? Суроолор көп. Жооп алмайынча иш башталышына каршымын!

Кылмышка шектелген жарандын да жетекчи болушу такыр эле болбогон нерсе. Улуттук деңгээлдеги проекттер жалпы элдик талкууга коюлуп, анан гана башталышы керек. Туура, так, ишке ашса эң сонун иш чара",- деп билдирди Түлөбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн