Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:39
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Балбак Түлөбаев: Мени мактап же сөгүп ийсеңер эле пикирим өзгөрүп кетпейт

11.02.2022 08:21
1088
Балбак Түлөбаев: Мени мактап же сөгүп ийсеңер эле пикирим өзгөрүп кетпейт

Мени мактап же сөгүп ийсеңер эле пикирим өзгөрүп кетпейт. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев билдирди.


Анын айтымында, коомдо ар кандай интрига пайда кылбай, өнүгүү жолуна түшүш керек.


"Бир тарабы мактайт, бир тарабы сөгөт. Элди бөлүп, чыңалтып эмне табабыз. Көп жакшы иштер болуп атат. Үмүт бар. Иштеп элди бакпайлыбы! Коом тынч болсо өнүгүүгө шарт кошот. Мени мактап же сөгүп ийсеңер эле пикирим, тарабым өзгөрбөйт. Ким болсом ошомун, мурун эмне десем ошого умтулам. Ушак, интригага мени аралаштырбагыла. Терикпейм. Биздин тагдыр ушундай", деп айтылат депутаттын билдирүүсүндө.


Белгилей кетсек, 10-февралда Балбак Түлөбаев Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине макулдук берүү маселеси каралып жаткан учурда УКМК башчысы менен Башкы прокурордун тиреши күчөп бара жатканын айткан.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн