Бугу 06, 2024
Убакыт: 08:50
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Балбак Түлөбаев, ЖК депутаты: “Инфляцияга карап жол кирелердин кымбаттаганы туура эле”

14.09.2023 12:39
412
Балбак Түлөбаев, ЖК депутаты: “Инфляцияга карап жол кирелердин кымбаттаганы туура эле”


- Балбак мырза, Бишкек шаарынын мэриясы Ош базарын, батыш, чыгыш автобекеттерин шаардын сыртына көчүрүүнү пландап жатканы айтылды. Бул канчалык туура болот?


- Туптуура. Мен мэрияда иштеп турганда эле ошондой маселе көтөрүлгөн. Азыр шаар чоңойду, өзгөрдү. Ошондуктан, Ош базарын, батыш, чыгыш автобекеттерин шаардын сыртына чыгаруу эң туура идея. Бирок, буга ылайыктуу жер табыш керек. Инфратүзүмдөр зарыл. Муну Чүй облусу менен сүйлөшүп туруп, жасоо кажет. Мен ал идеяны колдойм.


- Элге алыс болуп калбайбы?


- Инфратүзүм деп мен ошон үчүн айтып атпаймынбы, автобустарды каттатып коюш керек. Ичинде парковкасы, жаан жааганда баткак болбогондой жер болушу зарыл.


- Жол кирени кымбаттатуу идеясын да колдойсузбу?


- Ооба, себеби, жаңы автобустарды алып келип атат. Алар өзүнө кеткен чыгымды акташы керек да. Инфляцияга карап жол кирелердин кымбаттаганы реалдуу деп ойлойм. Бирок, этап-этабы менен кымбаттатса жакшы болмок. Биринчи кварталда 50 тыйын, экинчи кварталда 50 тыйын кылып бөлсө, эл сезбей калмак. Кескин кымбаттатканда эл кыйналат. 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн