Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 10:37
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Балбак Түлөбаев Өзбекстандын КРдеги элчиси менен жолугушту

11.12.2020 12:43
568
Балбак Түлөбаев Өзбекстандын КРдеги элчиси менен жолугушту

Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирсабиров менен жолукту. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.


Мэриядан билдиришкендей, Бишкек менен Ташкенттин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана чыңдоо маселелери талкууланды. Тараптар соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык кызматташууга кызыкдар экендигин билдиришти.


Бишкек менен Ташкенттин байланышын аныктап, сүйлөшүүлөрдүн кийинки этабы үчүн маанилүү негиз боло турган бир катар идеяларды жана сунуштарды бириктирүү чечими кабыл алынды.


Эскерте кетсек, 1996 жана 2017-жылдары Бишкек менен Ташкент шаарынын мэриясынын ортосунда экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык тармактарда кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюлган. 1993-жылы 4-сентябрда Бухара шаарынын акимчилиги менен кызматташуу, ошондой эле Самарканд облусу менен экономикалык жана маданий кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюлган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн