Саратов облусунун прокуратурасы ишенип берилген мүлктү кымырып алуу фактысы боюнча кылмыш жообуна тартуу үчүн издөөдө жүргөн 43 жаштагы Кыргызстандын жаранын экстрадициялоо боюнча текшерүүнү аяктады, деп айтылат мекеменин сайтында.
Мекенинде кыргызстандык жаран издөөгө алынган. Айыптоочу тараптын айтымында, ал 2018-жылдын декабрь айында курулуш компаниянын негиздөөчүсү жана директору болуп туруп, өзүнө ишенип берилген 100 миң сом акча каражатын өзү жетектеген юридикалык жакка балдар аянтчасын тосуу боюнча тендерде жеңүүчү катары өткөрүп алган.
2023-жылы март айында Саратов облусунун Озинский районунда чек ара көзөмөлүнөн өтүп жаткан жеринен кармалган.
Маалым болгондой, прокуратура тарабынан аталган жаранды камакка алуу чаралары көрүлүп, КР укук коргоо органдарына экстрадициялоо мүмкүнчүлүгү боюнча тиешелүү корутунду даярдалды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн