Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:25
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Балдар үйүндө каза болгон өспүрүмдүн өлүмү боюнча экспертиза даяр болду

30.06.2021 16:46
873
Балдар үйүндө каза болгон өспүрүмдүн өлүмү боюнча экспертиза даяр болду


Бүгүн, 30-июнда Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы балдар үйүнүн тарбиялануучусу Игорь Якуниндин өлүмү боюнча экспертизанын жыйынтыгы даяр болду. Бул тууралуу  Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирди.


Буга чейин өспүрүмдүн каза табуу себебин аныктоо максатында соттук-медициналык жана башка керектүү экспертизалар дайындалганы маалымдалган. Ткандардын үлгүлөрү алынып, Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборуна гистологиялык изилдөө үчүн жөнөтүлгөн болчу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн