Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 07:24
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Балдарды окууга кабыл алууда коррупциялык схема уюштуруп алган мектеп директору кармалды

30.08.2023 09:58
270
Балдарды окууга кабыл алууда коррупциялык схема уюштуруп алган мектеп директору кармалды


Балдарды 1-класска кабыл алуу боюнча коррупциялык схеманы уюштуруп алган деп шектелип Бишкектеги мектептердин биринин директору К.А.Т. пара алып жатканда кармалган. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлады.


"Билим берүү тармагынын башка кызматкерлери менен келишим түзүп, балдарды 1-класска кабыл алуу боюнча коррупциялык схема уюштуруп алган. Натыйжада ал баланы 1-класска киргизгени үчүн ата-энесинен опузалап акча талап кылган, эгер баш тартса, баланы мектепке киргизбейм деп коркуткан", — деп айтылат билдирүүдө.


УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси ("Опузалап пара талап кылуу") менен иш козгоп, директор тергөө камак жайга киргизилген.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн