Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 21:38
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Балдарды унаанын багажына салып алган айдоочу аныкталды

26.07.2021 13:00
987
Балдарды унаанын багажына салып алган айдоочу аныкталды

2021-жылдын 23-июль күнү “News.kg” маалымат агенттиги Инстаграм социалдык тармагындагы баракчасына “Кыргызстанда айдоочу автоунаанын багажына 4 баланы салып бара жатат”-деп сүрөттү чыгарган. Аталган факты Талас ОИИБнин маалыматты эсепке алуу электрондук журналына катталып, милиция кызматкерлери тарабынан багыттамалар берилип, тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.


Анын негизинде ЖКККБнын кызматкерлери ыкчам иш алып барып, интернетке чыккан айдоочу табылган.


“Тараз-Талас-Суусамыр” автожолунун, тактап айтканда “Өтмөк” ашуусунан кызыл түстөгү “Фольксваген Пассат” үлгүсүндөгү мамлекеттик номер 07 642 ААР сандуу автоунаага Кара-Ой айылыныны тургуну Ж.Т. аттуу айдоочу Суусамыр жайлоосундагы жылында өтүп жүрүүчү чабандардын тоюна бара жатып, кошуналарынын балдарын унаага батпай калганынан багажына салып алгандыгы аныкталган. Айдоочу Ж.Т. ЖКККБна алынып келинип, унаасы токтотуучу жайга киргизилди. Ага карата Кыргыз Республикасынын Бузуулар Кодексинин негизинде 5500 сом өлчөмүндөгү айып пул салынды.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн