Бугу 19, 2024
Убакыт: 09:03
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече темир жолу Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу менен туташтырылат

25.10.2022 15:35
374
Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече  темир жолу Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу менен туташтырылат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-октябрда, Балыкчы – Кочкор - Кара-Кече темир жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.


Президент  жалпы өлкө үчүн социалдык-экономикалык мааниси зор болгон Балыкчы – Кочкор - Кара-Кече темир жолун куруу боюнча улуттук долбоорду ишке ашыруунун зарылдыгын эске салды.


Долбоорду ишке ашырып, андан ары Жалал-Абад облусуна темир жол төшөө менен өлкөнүн түндүк жана түштүк аймактары темир жол каттамы аркылуу бириктирилет.


Келечекте Балыкчы – Кочкор - Кара-Кече багытындагы темир жолду долбоорлонуп жаткан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу менен туташтыруу пландалууда.


Мындан тышкары, Балыкчы – Кочкор - Кара-Кече темир жолунун курулушу менен аймактардын калкын жана Бишкек ТЭЦин күзгү-кышкы жылытуу мезгилинде отун менен камсыз кылууда Кара-Кече кенинен көмүр ташуунун чыгымы аз жолу түзүлөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн