Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 01:18
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Балыкчы шаарында модулдук үйлөр чыгарыла баштайт

25.10.2022 16:11
495
Балыкчы шаарында модулдук үйлөр чыгарыла баштайт


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-октябрда, Балыкчы шаарындагы модулдук үйлөрдү чыгаруучу заманбап ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышты.


Мамлекет башчыга ишкананын өкүлдөрү курулушунда күйбөгөн, жылуулукту үнөмдөөчү жана экологиялык жактан таза материалдар колдонулган модулдук үйлөрдүн артыкчылыктары тууралуу маалымат беришти.


Ошондой эле, белгилүү бир технология боюнча жасалган имарат 9 баллдан ашык сейсмикалык жүктөрдү көтөрө алат.


Модулдар керектүү коммуникацияларды жана ички жасалгаларды камтыйт. Мындай үйлөрдүн баасы "ачкычка тапшыруу" базардагыдан бир топ төмөн. Ишкананын кубаттуулугу өндүрүлгөн тетиктерди экспорттоого да мүмкүндүк берет.


Президент Садыр Жапаров ишкананын аймагын жана өндүрүш линияларын көрүп чыкты. Мамлекет башчысы мындай практикалык жана арзан турак жайларды өлкөнүн бардык аймактарында, анын ичинде жетүүгө кыйын аймактарда каалаган мезгилде тезирээк курууга болорун белгиледи.


Модулдук үйлөр ротация менен республиканын башка аймактарына которулган райондордун акимдери, судьялары жана башка мамлекеттик кызматкерлер үчүн кызматтык турак жай катары пайдалануу пландаштырылууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн