Чын курандын 20, 2025
Убакыт: 00:28
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Баңгизат ташуу менен алектенген жаран кармалды

03.06.2022 14:57
493
Баңгизат ташуу менен алектенген жаран кармалды

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери 2022-жылдын майында эркиндигинен ажыратуу жайларына кара куурай тобунун баңги каражаттарынын ири партиясын жеткирүү менен алектенген баңги топтору тууралуу маалымат алышкан. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2022-жылдын 26-майында атайын тергөө амалдарын жүргүзүүдө Бишкек шаарында 1984-жылы туулган, мурда бир нече жолу соттолгон Д.К., аттуу жаран кармалды.


Жеке тинтүүү жүргүзүүдө анын сырткы белгилери боюнча жаңы психоактивдүү затка окшош, жалпы салмагы 8 гр болгон ак порошок заты бар эки желим баштык табылган.


Соттук-химиялык экспертизанын маалыматы боюнча, алынган зат психотроптук зат экендиги аныкталган.


Ал эми, кармалган жаран Чүй облусунун Аламүдүн РИИБнин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.


 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн