Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:29
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Баңгизатка байланыштуу ИИМдин дагы үч кызматкери кармалды

22.08.2023 13:03
388
Баңгизатка байланыштуу ИИМдин дагы үч кызматкери кармалды


ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында дагы үч милиция кызматкери кармалды. Бул туурасында министрликтин маалымат кызматы кабарлады.


Билдирүүгө ылайык, Россиянын жараны арыз жазып, милиция кызматкерлери жана Д. аттуу кыз 20-апрелде Бишкектеги кафелердин биринде ага гашиш ыргытканын айткан. Андан соң коркутуу жолу менен кылмыш жоопкерчилигине тартпоо үчүн 315 миң сом алышканын билдирген.


Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш иши козголгон.


21-августта ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан Чүй облустук милициясынын Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматында иштеген М.Ч., С.А. жана А.А. аттуу кызматкерлери кармалды.


Учурда тергөө иштери улантылып жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн