Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:50
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Баңгизатты алып сатуу менен алектенген жаран 10 кг гашиш менен кармалды

01.12.2021 11:06
436
Баңгизатты алып сатуу менен алектенген жаран 10 кг гашиш менен кармалды



Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-беренесинде көрсөтүлгөн  кылмыштын белгилери боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында (сатып өткөрүү максатында баңгизат каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан Ооганстанда өндүрүлгөн каннабис тобундагы баңгизаттарды ташуу жана сатуу каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


2021-жылдын 23-ноябрында Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы менен биргеликте өткөрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1993-жылы туулган  М.Н. аттуу жүргүнчүсү бар 1992-жылы туулган К.С. аттуу жарандын башкаруусундагы “Тойота Ист” үлгүсүндөгү  унаа токтотулган. 


Аталган  унааны тинтүү учурунда анын багажынан эки спорттук сумка, алардын ичинде скотч менен оролгон 9 таңгак  жана 1  баштык зат табылган. Ал  зат кочкул-күрөң түстө болуп, жапайы өскөн кара куурайдай (Ооганстанда  өндүрүлгөн “чаңча”) өзгөчө жыты бар болгон.

Өткөрүлгөн экспертизанын корутундусуна ылайык, ал  зат  10 килограммга жакын каннабис чайыры (гашиш) экени аныкталган.  

Кармалган  жаран М.Н. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча атайын тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.


  ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери ушундай фактыларды аныктоого багытталган тиешелүү иш-чараларды тынымсыз  жүргүзүп жатат.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн