Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 16:29
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Бардык милдеттенмелер аткарылды. Айыл чарба министрлиги Киров суу сактагычындагы абал боюнча

22.08.2023 14:18
305
Бардык милдеттенмелер аткарылды. Айыл чарба министрлиги Киров суу сактагычындагы абал боюнча


КР Айыл чарба министрлиги Киров суу сактагычынан Казакстанга суу берүү токтотулгандан кийин Кыргызстандан коңшу республикага жүк ташуучу унаалардын чыгуусу татаалдашып кеткен жагдайга комментарий берди.

Ведомствонун маалыматына караганда, суу сактагычтын долбоордук көлөмү 550 млн кубометрди түзөт. Быйыл кыргыз тарап андан 21-апрелден тарта суу сактагычка суу 445,6 млн метр куб толгон учурдан тартып бере баштаган.

"Суу Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда кол коюлган суу бөлүштүрүү боюнча графикке жана протоколго ылайык берилген. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Кыргызстан Казакстан алдындагы бардык милдеттенмелерин аткарды", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, бүгүн, 22-августка карата Киров суу сактагычынын көлөмү 14,5 млн м3 түзөт, бул өткөн жылга салыштырмалуу 92,1 млн м3 аз. Бүгүнкү күндө суунун келиши 0,7 м3/сек, суу көбөйгөн жок, 2022-жылы ушул мезгилде суунун келиши секундасына 13,7 куб метрди түзгөн.

Кошумчалай кетсек, КР УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, бүгүн саат 12:00дө "Ак-Тилек - унаа жолу" постунун алдында Кыргызстандан чыгуу үчүн 430га жакын жүк ташуучу унаа кезекте турат. Кечээ саат 18:00гө карата кезек күткөн оор жүк ташуучу унаалардын саны 370 болчу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн