Футбол боюнча УЕФА Чемпиондор лигасынын чейрек финалында “Бавария” 8:2 эсебинде “Барселонаны” жеңип, турнирдин жарым финалына чыкты.
Каталондук команда буга чейин өз дарбазасына 8 голду 1946-жылы өткөргөн, анда “Барселона” Испания Кубогунун оюнунда “Севилияга” 0:8 эсебинде жеңилген.
Бул көрсөткүчү менен испаниялык команда 2014-жылдан бери алгачкы ирет байгесиз калды. Месси баштаган команда Испан чемпиондугунда экинчи орунду ээлесе, Испан кубогунун чейрек финалында “Атлетикого” жеңилип калган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн