Чын курандын 13, 2025
Убакыт: 07:16
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.030
1.070

Барскоондо 11-класстын окуучусу өмүрүнө кол салып, 9 күндөн кийин каза болду

19.02.2025 12:20
2128
Барскоондо 11-класстын окуучусу өмүрүнө кол салып, 9 күндөн кийин каза болду


Ысык-Көлдө 11-класстын окуучусу өмүрүнө кол салып, 9 күндөн кийин ооруканада каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден кабарлашты.


Маалыматка ылайык, кырсык 5-февралда Барскоон айылындагы мектепте болгон.


"17 жаштагы кызды спорт залдан дене тарбия мугалими тапкан. Тез жардам чакырылып, окуучу райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, кийин Бишкектеги ооруканага которулган. Тилекке каршы, өспүрүм 14-февралда каза болгон", — деп айтылат маалыматта.


Факт боюнча "Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү" беренеси менен иш козголгону маалым болду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн