Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 23:03
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Басалбай калган Ташчайнар балбан ден соолугун калыбына келтирүүгө жардам сурайт (фото)

18.05.2020 16:26
1994
Басалбай калган Ташчайнар балбан ден соолугун калыбына келтирүүгө жардам сурайт (фото)


Ташчайнар каймана аты менен таанымал болгон балбан Нурлан Алишеров бүгүнкү күндө ден соолугу кескин солгундап, дарысыз жашай албай калгандыгын “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.


Балбандын айтымында, өткөн жылдын сентябрь айынан бери экинчи даражадагы кант диабети, кан басымынын төмөндөшү жана бөйрөк оорусу менен жабыркап келет. “Учурда кант диабети сөөк ооруларын козгоп, кыймылга келбей, баса албай да калдым. Бишкектеги №1 шаардык ооруканасында дарыланып, өткөн ишемби күнү үйгө чыгарылдым. Орозо айы бүтсө Воронцовка курортуна которгону жатышат. Мени караган дарыгерлерге учурдан пайдаланып ыраазычылык билдирем”, - деди Нурлан Алишеров.


Анын билдирүүсүндө, буга чейинки дарылануусуна 10 миң сом кыргыз тамадаларынын бири жардам берген. Кытайдагы кыргыз жарандары тарабынан да бир аз жардам болду. “А бирок мамлекет, өкмөт жактан бир дагы адам кайрылган жок. Азыркы учурда күнүнө 24 даанадан таблетка кабыл алам. Дарынын күчү менен сактап жатышат. 30 жыл мурун бир бөйрөктү алдырткам, ушул жагынан бир топ запкы жеп атам. Азыр кант диабетин түшүрүп, бир бөйрөктү сактап калуу аргасы изделип жатат”, - дейт бейтап.


Убагында өз демилгеси менен кара күчүн пайдаланып, бир нече сынактарда Кыргызстандын намысын коргоп келгенин эч качан милдет кылбай турганын айткан Ташчайнар балбан, учурда каржылык колдоого муктаж болуп жатканын билдирди. “Кыргызда адамдын кылган иши өлгөндөн кийин бааланып калганы өкүндүрөт. Мен эч качан доомат кылбайм. Бирок учурда Бишкекте батирде жашап жатам, өкмөт тараптан батирден жардам болсо деген үмүтүм бар. Апрель окуяларынан жабыр тарткан жарандарга, каза болгондордун үй-бүлөсүнө үй берилип жаткан кезде, мага дагы сунуш болгон, бирок биринчи кезекте Апрель баатырлары алсын, кийинки кезекте алайын деп койгом, ошол бойдон унутулуп калды. Ошол кезде убадаланган үй азыр берилип калса, чоң жардам болот эле”, - деген тилегин айтты балбан.


Ал буга чейинки оор салмак менен байланышкан трюктардын ден соолукка кесепети тийди деп эсептебейт, болгону бөйрөктүн жетишсиздиги жана кант диабетинин күчөп баратканы себеп болууда, деген ойдо.

Азыркы учурда дарыгерлер 3 ай төшөктө жатуу режимин сактоо керектигин эскертишкен жана алардын толук көзөмөлүндө болуусуна тийиш. Ошондуктан азыр убагында дарыланып калууга кайдыгер карабаган жарандар болсо жардам берүүнү суранып кетебиз. Ал үчүн 0776553535 номуру аркылуу жардам которсо болот.


Н.Алишеров бир учурда өзүнүн кара күчү менен оор салмактагы жүктөрдү көтөрүп, тиши менен автоунааларды сүйрөп ордунан жылдырган трюктары менен элди таң калдырып, аз убакыттын ичинде Кыргызстанга тааныла алган жана эл аралык деңгээлдеги сынактарда өз өлкөсүнүн желегин желбиретүүгө жетишкен.

Балбандын алгачкы ийгиликтери 2010-жылдан кийин жарала баштады. Ал өз өлкөсүндө 120 тонналык теплоходду жана оор салмактагы автоунааларды, учакты тиши менен ордунан жылдырып жана тиши менен жүктөрдү көтөрүп, балбандыгы көрсөтө баштады.


Кийинчерээк эл аралык деңгээлдеги сынактарга катышып, бир топ ийгиликтерди, сыйлыктарды багындырып, Кыргызстандын таанытууга өз салымын кошо баштаган.

Нурлан Алишеров “Украинада таланттар бар” сынагында 300 тоннага чейинки автобусту тиши менен сүйрөп, чекеси менен тактайга мык кагып, кайра тиши менен сууруп жана бир учурда оозуна 12 жаңгакты салып чаккан трюктарды көрсөтө алган.


Россияда миллиарддаган көрүүчүнү топтой алган “Даңк мүнөтү” сынагына катышып, жарым финалга чейин жеткен. Мындан тышкары бир топ дүйнөлүк сынактарга, чет өлкөлүк тасма тартуучулардын атайын даярдаган телекөрсөтүүлөрүнө жана телефильмдерине тартылган.

Анын эң негизги максаты - Гиннесс китебине катталуу жана жубайынын көрбөй калган көздөрүн калыбына келтирүү болчу. 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
П
Конгону не кылганын билет бекен. Кечирим сурасын мынтип оз башына башкача арылгыс болуп келиптир, наказания сага. Тооба кылдым. Бойрогу жок, сахар болсон, силерге эн керек болгон опкон таза экен.